Бука желеги паттерни

Баштапкы

Бука желеги паттерни деген эмне?

Бука желеги паттерни – бул техникалык талдоодо (TA) кеңири колдонулуучу графикалык форма болуп, баанын өсүшү уланганга чейин күчтүү жогору баа кыймылындагы тыныгууну көрсөтөт. АЛ мамыга илинген желекке окшош: андагы узун, так баанын көтөрүлүүсү мамы болсо, чакан четке чыгуулар же бир аз ылдый түшүү баа кыймылы желек болуп саналат. Бука желеги паттерни соодагерлерге өсүүчү баанын кыймылы жогорулоону уланта турганын байкоого жардам берет.

Бука желеги паттерни кантип иштейт?

Бука желеги паттернинин анатомиясы

Толук сүрөттү көрүү үчүн басыңыз:

  • Желек мамысы: адатта жогоруррак соода кылуу көлөмүндө орун алган жана күчтүү сатып алуу басымын көрсөткөн баадагы тез жана ири өсүү.
  • Желек: өсүүдөн кийин баа кыска убакытка тыныгуу жасап, тар диапазондо капталга же бир аз ылдый кыймылдайт. Бул убакыт ичинде, соода көлөмү адатта төмөндөйт.

Кээде желек кичинекей үч бурчтук сымал формада болуп, аны бука желеги деп аташат. Бирок негизги маани ошол эле бойдон калат: баа тик өсүүдөн кийин кыска убакытка тыныгып, олуттуу түшүүсүз тыныгуу жасайт.

Көлөм тенденциялары

Баа тик өсүп жаткан учурда (желек мамысы этабында) соода көлөмү адатта жогорулайт. Андан кийин, баа кыска убакытка тыныгып, желек этабында соода көлөмү төмөндөйт. Баа желектен чыгып кеткенде, соода көлөмү көп учурда кайра жогорулайт жана кийинки өсүү этабын ырастайт.

Баа кыймылын божомолдоо

Баа желектин үстү жагындагы чекеден чыгып кеткенде, соодагерлер анын мындан ары дагы жогорулашын улантышын күтүшөт. Баанын максаттуу деңгээлин эсептөө үчүн кеңири колдонулуучу ыкма түркүктүн бийиктигин өлчөп, ошол көлөмдү баа желектен бөлүнүп чыгып кеткен учурда кошуу болуп саналат.

Бул канча убакытка чейин созулат?

Адатта, бука желеги бир нече күнгө же аптага чейин созулат. Эгер баанын тыныгуусу узакка созулса, ал башка графикке, мисалы, түз төрт бурчтук же үч бурчтукка айланышы мүмкүн.

Бука желеги паттернин аныктоо

Баа диаграммасындагы бука желегин аныктоо үчүн төмөнкү белгилерди караңыз:

  1. Тыныгууга чейин баанын жогору жана тез өсүшү.

  2. Кыска убакыт аралыгында баа аз кыймылдап, тар диапазондо капталга же бир аз төмөнгө жылат.

  3. Баанын өсүшүндө соода көлөмү жогору болуп, тыныгып турган учурда төмөндөйт.

  4. Баа желектин үстү жагындагы чектен бөлүнүп чыгышы.

  5. Бөлүнүп чыгуудан кийин баа дагы жогорулайт жана график ырасталат.

Мисал жана кеңештер

Толук сүрөттү көрүү үчүн басыңыз:

  • Бука желеги дайыма эле идеалдуу көрүнө бербейт. Эң негизгиси, бир аз тыныгуудан кийинки так даана баа өсүшү болуп саналат.

  • Тар кыска убакыттык тыныгуулары, адатта сооданын жакшыраак болушунан белги берип, стоп-лосс буйрутмаларын орнотуу үчүн жеңилирээк жерлерди сунуштайт.

  • Бөлүнүп чыгуу учурунда соода көлөмүн байкоо графиктин иштеп жатканын ырастоого жардам берет.

Бука желеги жана Аюу желеги

Бука желеги өсүү багытында пайда болсо, аюу желеги түшүү багытында пайда болуп, баалардын төмөндөшү мындан ары да уланышы мүмкүн экенин көрсөтөт. Аюу желеги графиктеринде соода көлөмүнүн жүрүшү көбүнчө башкача болот, анткени сатуу аракеттери соодагерлер арасында көбүрөөк тынчсыздануу жана шашылууну жаратышы мүмкүн.

Корутунду

Бука желеги таанымал жана ишенимдүү график болуп саналат. Ал мурунтан эле күчтүү өсүү багытындагы баада кыска убакытка тыныгуу болуп жатканын көрсөтөт жана көбүнчө андан кийин дагы өсүү менен уланат. Бул соодагерлерге сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн табууга жана баанын келечектеги кыймылын болжолдоого жардам бере алат. Бардык графиктер сыяктуу эле, бука желеги ар дайым эле так иштебейт, андыктан аны башка индикаторлор менен айкалыштырып колдонуу аркылуу тобокелдикти туура башкаруу маанилүү.

Кат-кабар бөлүшүү
Тийиштүү сөздөрдүн түшүндүрмөлөрү
Эсепти каттоо
Бүгүн Binance эсебин ачуу менен билимиңизди иш жүзүндө колдонуңуз.